Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезектеги төртүнчү сессиясы
2017-жылдын 15-декабры № 4-7
“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 04.02.2015-жылдагы Жобосун негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана жаш өспүрүмдөргө татыктуу билим тарбия берүүдө зор салым кошкон төмөнкү жарандарга “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
· Бегматов Самат – Таштак айылынын тургуну, К.Төрөмаматов атындагы орто мектептин музыка мугалим;
· Камчиев Өмүрзак- Таштак айылынын тургуну, эмгек ардагери;
· Рахимов Карим- Бостон айылынын тургуну, эмгек ардагери;
· Султанов Мавлянкул- Соку-Таш айылынын тургуну, К.Абдраимов атындагы орто мектептин музыка мугалим;
· Жунусов Абдижалил- Кызыл-Сеңир айылынын тургуну, Ы.Чанаков атындагы орто мектептин сүрөт мугалим;
· Бедияров Адылбек- Кызыл-Сеңир айылынын тургуну, эмгек ардагери;
· Ибрагимова Тургунбуш- Кызыл-Сеңир айылынын тургуну, мугалим;
· Назаров Максат- Кара-Көл айылынын тургуну, Ж.Омуралиев атындагы негизги мектептин директору;
· Байтиков Аттокур- Жашасын-2 айылынын тургуну.
2. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А. Маканбаев |