ТоктомКүчүндө

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2017-жылдын 15-декабрындагы № 4-8 «Сузак районунун Ардактуу атуулу»наамына сунуштоо жөнүндө» токтому

Редакция15.12.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

кезектеги төртүнчү сессиясы

2017-жылдын 15-декабры № 4-8

“Сузак районунун Ардактуу   атуулу”наамына сунуштоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 04.02.2015-жылдагы Жобосун негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Экономика, билим берүү, саламаттыкты сактоо, тартип сактоо, адабият жана маданият тармагында үзүрлүү эмгектенген төмөнкү жарандар “Сузак районунун Ардактуу атуулу” наамына сунушталсын:

Карымшаков Узакбай- Таштак айылынын тургуну;

Карагулов Калбай- Ак-Терек айылынын тургуну;

Атчабаров Орозали- Шатрак айылынын тургуну;

Маатов Алимбай- Кызыл-Сеңир айылынын тургуну;

Баев Акбарали- Таштак айылынын тургуну;

Искендеров Данияр- Мундуз айылынын тургуну;

Артыкбаев Сейдакмат- Ак-Баш айылынын тургуну.

2. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

Төрага

А. Маканбаев