Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезектеги төртүнчү сессиясы
2017-жылдын 15-декабры № 4-9
Ак-Баш айылына кичи футбол аянтчасын куруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Ак-Баш айылынын жашоочулары менен айыл өкмөттүн жер комиссиясынын биргеликте өткөргөн отурумунун протоколун негиздеп, Ак-Баш айылынын тургуну жеке ишкер Ж.Келдибековдун демилгеси, айыл жамаатынын каражаты менен кичи футбол аянтчасын куруу үчүн жер берүү жөнүндөгү маалыматын угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Баш айылынан муниципиалдык менчиктеги айыл чарба багытындагы эмес жерден Ж.Келдибековго кичи футбол аянтчасын куруу үчүн 10 жылдык мөөнөткө жер берүүгө макулдук берилсин.
2. Мыйзам негизинде кичи футбол аянтчасын куруу үчүн жерди тактап ажыратып берүү жагы, керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жана жеке ишкер Ж.Келдибековго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын колго алып, келишим түзүү жагы айыл өкмөт башчысы М.Калмаматовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А. Маканбаев |