Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезектеги төртүнчү сессиясы
2017-жылдын 15-декабры № 4-10
Кызыл-Сеңир айылындагы ижарачылардын кайрылуусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктунун негиздеп, Кызыл-Сеңир айылынын тургундары ижарачылар М.Зулпукаров жана К.Тургунбаевдин КБФ кайраакы 15,0 га жерин жер салыгынан бошотуп берүү жөнүндөгү кайрылуусун баядаган айылдык кеңештин депутаты Б.Стамкуловдун маалыматын угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Сеңир айылындагы КБФ кайраакы 15 га жер аба ырайына байланыштуу түшүм болбой калганына байланыштуу жер салыгынан төлөөдөн бошотууга макулдук берилсин.
2. Токтомду колдоп берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан жана Сузак райондук салык башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомду мыйзам чегинде тиешелүү органдарга кайрылып аткаруу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн салык боюнча башкы адис Н.Ашимовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы айылдык кеңештин финасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А. Маканбаев |