Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVII-чакырылышынын 13-сессиясы
2017-жылдын 17-ноябры № 3
Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын сунушун кароо жөнүндө
“Момбеков таза суу бирикмеси” Майли-Суу дарыясынын күн батыш жээгине дренаждык ыкма менен курулуп, дренаждын денгээлинен дарыянын суусу төмөн түшүп, суу жыйналбай элге таза суу убагында жетпегендигине байланыштуу суунун көлөмүн көбөйтүү максатында кошумча труба тартуу жөнүндөгү Ф.Э.Бнүн башчысы Ч Төлөнованын сунушун угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 13-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ч Төлөнованын сунушу эске алынсын.
2. Дренажга ичимдик таза суунун көлөмүн көбөйтүү максатында каналдан
кошумча труба тартуу үчүн кошумча кирешенини эсебинен комиссиянын актысынын негизинде сметага ылайык ажыратылып берилсин.
3. Сметага ылайык акча каражатын ажыратып берүү жагы айыл Өкмөт
башчысы Ж Сейитовага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |