Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVII-чакырылышынын 13-сессиясы
2017-жылдын 17-ноябры № 5
«Дем берүүчү (үлүштүк) грантка долбоорлорду аярдоо жана даярдалган долбоорлордун 15 %дык айыл Өкмөтүнүн салымына жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө”
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Дем берүүчү (үлүштүк) грантка долбоорлорду даярдоо жагы орун басар Т Эгембердиеге жүктөлсүн.
2. Долбоордук-сметалык документтерин (ПСД) даярдоого жергиликтүү бюджеттен акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Жаңы конуштардын жолдоруна шагал төшөө, айыл өкмөтүнүн имаратынын кабинеттерин капиталдык ремонттоо жана Чек айылындагы эгин суу берилүүчү арыктын латокторун монтаждоо долбоорлорунун 15 %дык айыл Өкмөтүнүн салымы үчүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын ажыратылып берилсин.
4. Акча каражатын ажыратып берүү жагы айыл Өкмөт башчысы Ж Сейитовага жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |