Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-апрели № 4
Мал жандыктардын элдин эгинине түшүп зыян келтирүүсү тууралуу
Достук айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставына ылайык Достук айылдык кеңешинин V сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айыл аймагындагы жашаган тургундардын мал жандыктарынын элдин эгинине түшүп зыян келтирген учурда, жылдын 1-мартынан 1-декабрына чейин келтирилген зыян толугу менен төлөнүп берилсин.
2. Келтирилген зыян үчүн төмөндөгүдөй айып акча төлөшсүн:
-жылкы, эшек жана бодо малдын ар бир башына-2000(эки миң) сом,
-майда жандыктардын ар бир башына 500(беш жүз)сомдон
3. Көрктөндүрүү жашылдандыруу үчүн эгилген бак дарактарга,гүлдөргө келтирилген зыян үчүн 5000(беш) миңден 10000(он) миңге чейин айып акча төлөнсүн
4. Токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жагы айыл башчыларга, айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотуна, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктɵлсүн
Төрага | А.Бекибаев |