Редакцияот 25.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXV I I чакырылышынын VII сессиясы

 

2017-жылдын 25- июну № 1

2018-2019-2020-жылдарга бюджеттин болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө

Достук айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын сессиясы, Достук айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы У.Бегбаеванын, Достук айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-2019-2020-жылдарга угузган болжолдуу долбоорун угуп жана талкуулап, “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. 2018-2019-2020-жылдарга карата Достук айыл өкмөтүнүн жергиликтүү  бюджетинин болжолдуу долбоору жактырылсын

2. Достук айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга киреше булагы болжолдуу суммасы 7095.0 сомго, 2019-жылга болжолдуу суммасы 7218.5 сомго жана 2020-жылга болжолу 7315.0 сомго бекитилсин

3. 2018-2019-2020-жылдарга карата жактырылган жергиликтүү бюджеттин  болжолдуу долбоору ар бир конкреттүү мезгилде аларды кабыл алууда талкуулануу менен кабыл алынсын

4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы З.Д.Мамасадыковго жана каржы экономика бөлүмүнүн башчысы  У.Бегбаевага милдеттендирилсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджет, каржы,  экономика маселелери боюнча” туруктуу комиссияга жүктөлсүн

 

Төрага

А.Бекибаев