Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXV II чакырылышынын VIII сессиясы
2017-жылдын 19- июлу № 1
Шамалды-сай айылы 19-июль 2017-жыл Шамалды-сай айылынын шайлоочуларын эки шайлоо участкасына бөлүү жөнүндө
аймагынын Шамалды сай айылынын шайлоочуларынын суроо талабын канаттандыруу максатында, шайлоочулардын жалпы саны 2500 шайлоочудан ашык болгондуктан, Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарынын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 4-пунктунун талаптарына ылайык аткаруу максатында Достук айыл өкмөтүнүн башчысы З.Мамасадыковдун маалыматын угуп жана талкуулап Достук айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Достук айыл аймагынын Шамалды-сай айылынын шайлоочуларынын суроо талабын канаттандыруу максатында, № 2204 Шамалды-сай шайлоо участкасынын шайлоочулардын жалпы саны 2500 шайлоочудан ашык болгондуктан, Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарынын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайык Шамалды- сай айылынын шайлоочулары эки шайлоо участкасына бөлүнсүн.
2. № 2204 Шамалды-сай шайлоо участкасын экиге бөлүү жана Ынтымак шайлоо участкасын түзүү боюнча уюштуруу иштерин өз мөөнөнтүндө аткаруу Достук айыл өкмөтүнүн башчысы З.Д..Мамасадыковко милдеттендирилсин
3.Ушул токтомдун негизинде Шамалды-сай айылында жаңы шайлоо участкасын түзүп берүү борбордук шайлоо комиссиясынан суралсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары С .Ташбаевага жүктөлсүн.
Төрага | А.Бекибаев |