ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII-чакырылышынын кезектеги II-сессиясы
2017-жылдын 13-январы № 1
“Шайдан айылдык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 11-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик-укуктук актылары жөнүндөгү жобосуна ылайык, Шайдан айылдык кеңешинин төрөгасы А.Назировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги II-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айылдык кеңешинин төрөгасы А.Назировдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын регламенти алымча кошумча менен бекитилсин.(регламент тиркелет)
3. Кабыл алынган Шайдан айылдык кеңешинин регламенти “кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Шайдан айылдык кеңешинде катоодон өткөрүлсүн.
4. Каттоодон өткөн Шайдан айылдык кеңешинин Регламенти Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгынын юридикалык экспертизадан өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилигинин мамлекеттик Реестрине киргизилсин.
5. Каттоодон өткөн Шайдан айылдык кеңешинин Регламенти райондук “Ноокен Жаңырыгы” гезитине жарыялансын. Регламент жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А.Назиров |