Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
2017-жылдын 18-февралы № 1
«Шайдан айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын кароо жөнүндө»
Шайдан айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын кезектеги IV- кезексиз сессиясы, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М. Раевдин, Шайдан айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын Шайдан айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча маалымат эске алынсын.
2. Шайдан айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шайдан айыл кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М. раевке тапшырылсын.
Төрага | А.Назиров |