Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
2017-жылдын 18-февралы № 2
«Шайдан айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына карата 2669.0 миң сом калдыгын бөлүштүрүү, 2017-жылга жергиликтүү бюджетин жана 2018-2019-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө»
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын IV – кезексиз сессиясы, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М. Раевдин 2017-жылдын 1-январына карата 2669.0 миң сом калдыгы, ошондой эле жергиликтүү бюджеттин киреше чыгаша бөлүгүнүн 2017-жылга бюджети 2018-2019-жылдарга долбоору боюнча маалыматын угуп жана талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Шайдан айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына карата 2669.0 миң сом калдыгы 1-тиркеме ылайык бекитилсин.
Шайдан айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү жана 2018-2019-жылдарга долбоору 2 – тиркемеге ылайык бекитилсин.
Шайдан айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү жана 2018-2019-жылдарга долбоору 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
Шайдан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын 1-январына карата жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча каражаты 240.0 миң сом суммасында белгиленсин.
Жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелер (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, даары – дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу, тамак-аш азыктарын сатып алуу) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүргүзүлсүн.
Жергиликтүү бюджеттин кирешелер түшүүсүнө карата, финансы министрлиги тарабынан берилген өзгөртүүлөрдүн негизинде жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына жүктөлсүн.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шайдан айылдык кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М. Раевке тапшырылсын.
Төрага | А.Назиров |