Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
2017-жылдын 18-февралы № 3
«Ноокен райондук салык кызматы тарабынан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө»
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Шайдан айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз IV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ноокен райондук салык кызматы тарабынан Шайдан айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды өткөрүп алууга көпчүлүк депутаттардын добушу менен макулдук берилсин.
Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча иш алып баруу жагы Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Алыкуловко жүктөлсүн.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Раевке милдеттендирилсин.
Төрага | А.Назиров |