Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-майы № 2
«Шайдан айы өкмөтүнүн 2017-жылга карата түзүлгөн боюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата түзүлгөн боюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө Ш.Алыкуловтун маалыматы эске алынсын.
2. Шайдан айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата түзүлгөн боюджетине Шайдан айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын протоколуна жана көпчүлүк депутаттардын макулдугу менен төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
3. 2221-текуший ремонт статьясынан 235000 сом, 2215-ар түрдүү чыгымдар статьясынан 250000 сом жана 22141200-тетиктер үчүн статьясынан 20000 сом кемитилсин.
4. 3112-эмеректерди жана жабдууларды сатып алуу статьясына 250000 сом, 2218-статьясына 40000 сом, 3111-статьясына 215000 сом кошумча кошулсун.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Назиров |