Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы
2017-жылдын 4-майы № 4
«Шайдан айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жер аянттарынын бал банитеттерин бекитүү жана көп жылдык бактардын ижара акысын жогорулатуу жөнүндө»
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жер аянттарынын бал банитеттерин бекитүү жана көп жылдык бактардын ижара акысын жогорулатуу жөнүндө Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Ташиевдин берген маалыматы толук кандуу каралбагандыгына байланыштуу жана иш кагаздары толук болбогондуктан маселе кийинки сессияга калтырылсын.
2. Шайдан айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жер аянттарынын бал банитеттерин бекитүү жана көп жылдык бактардын ижара акысын жогорулатуу боюнча тийиштүү адистердин жана туруктуу комиссиянын катышуусунда толук кандуу каралып, Шайдан айылдык кеңештин кезектеги сессиясына сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык, мыйзамдуулук, бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссияларынын төрагаларына жүктөлсүн.
Төрага | А.Назиров |