Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы
2017-жылдын 4-майы № 3
«Шайдан айыл тургундарын ичимдик таза суусу менен камсыз кылуу масатында айыл тургундарынан жыйналып алынган депозит акчаны сактоо максатында жооптуу адамдарды бекитүү жөнүндө»
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айыл өкмтүнүн жалпы айыл тургундарынан ичимдик таза суу үчүн жыйналган депазит акчасы боюнча Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Алыкуловдун берген маалыматы эске алынсын.
2. Шайдан айы өкмөтүнүн айыл тургундарын ичимдик таза суу менен камсыз кылуу максатында жыйналган 1 100 000 сом акча каражатын Ш.Алыкуловдун жеке жоопкерчилигинен өткөрүп алып ичимдик таза суу долбоору ишке ашканча сактоо үчүн төмөндөгүдөй курамда жооптуу атуулдар бекитилсин жана мыйзам чегинде мамлекеттик банкта, банктык мыйзамдарга ылайык төмөндөгү 3 атуулдардын бири биринин кепилдиги менен сакталсын.
1. Камбаров Курманбек – Жаңы-Арык айылынын тургуну.
2. Рустамов Бактияр – Жон-Арык айылынын айыл башчысы.
3. Тажибаев Жумали – Шайдан айылдык кеңешинин депутаты.
3. Жогоруда түзүлгөн жооптуу адамдарды көзөмөл кылуу максатында төмөндөгүдөй курамда резвизиондук комиссия түзүлсүн.
1. Мамадиев Мырзамидин - Шайдан айылдык кеңешинин депутаты.
2. Аманбаева Алима - Шайдан айылдык кеңешинин депутаты.
3. Жамбилов Эркин - Шайдан айылдык кеңешинин депутаты.
4. Сапарбаев Айбек - Шайдан айылдык кеңешинин депутаты.
5. Абдукеримов Улук - Шайдан айылдык кеңешинин депутаты.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына, бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Назиров |