Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 04-майы № 6
«Жайыт пайдалануучулар комитетинин 2016-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышы боюнча отчетун угуу жана 2017-жылга карата түзүлгөн бюджетининин долбоорун жана иш планын бекитүү жөнүндө»
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айыл өкөмтүнүн жайыт пайдалануучулар комитетинин 2016-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышы боюнча бухгалтер К.Алиевдин берген отчету канаатандырарлык деп эске алынсын жана жайыт пайдалануучулар комитетинин 2017-жылга карата түзүлгөн бюджетинин долбоору жана иш планы көпчүлүк депутаттардын добушу менен бекитилсин. (тиркеме тиркелет.)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү А.Мусакановко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Назиров |