Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы
2017-жылдын 19-июлу № 2
«Шайдан айыл өкмөтүнүн 07.06.2017-жылдагы № 189 сандуу кайрылуу катын кароо жөнүндө». Тотонбай участкасындагы эски скважинана жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Шайдан айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айыл өкмөтүнүн 07.06.2017-жылдагы № 189 сандуу кайрылуу катынын жана Шайдан айылдык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын 14.07.2017-жылдагы протоколдук чечиминин негизинде Дамаш айылынын тургуну А. Калдаровдун Тотонбай айылындагы эски скважинаны жеке менчикке өткөрүп берүү жөнүндөгү арызы Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык келбегендигине байланыштуу аталган скважина көпчүлүк депутаттардын макулдугу менен мыйзам чегинде убактылуу пайдаланууга ижара жолу менен берилсин.
2. Шайдан айыл өкмөтүнүн Тотонбай айылындагы эски скважинаны убактылуу пайдаланууга ижарага берүү жана көзөмөл кылып иш алып баруу жагы мыйзам чегинде Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М. Мамадиевке жүктөлсүн.
Төрага | А.Назиров |