Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы
2017-жылдын 19-июлу № 3
«Шайдан айыл өкмөтүнүн 07.06.2017-жылдагы № 189 сандуу кайрылуу катын кароо жөнүндө». Уюлдук антенна орнотууга ижара жер берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Шайдан айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айыл өкмөтүнүн 07.06.2017-жылдагы № 189 сандуу кайрылуу катынын жана Шайдан айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 13.07.2017-жылдагы протоколдук чечиминин негизинде НУР-Телеком компаниясынын антенасын орнотуу үчүн Жаңы-Арык айылынын тургуну Т. Сатаровдун үйүнүн жанынан муниципалдык менчиктеги калктуу конуштун ичинде турган айыл чарбасына жараксыз жерден 25 м2 жер аянты көпчүлүк депутаттардын макулдугу менен мыйзам чегинде убактылуу пайдаланууга ижара жолу менен берилсин.
2. Шайдан айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылынын тургуну Т. Сатаровдун үйүнүхн жанындагы муниципалдык менчиктеги калктуу конуштун ичинде турган айыл чарбасына жараксыз жерден 25 м2 жер аянтын убактылуу пайдаланууга ижарага берүү жана көзөмөл кылып иш алып баруу жагы мыйзам чегинде Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С. Нарматовко жүктөлсүн.
Төрага | А.Назиров |