Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы
2017-жылдын 19-июлу № 4
«Шайдан айыл өкмөтүнүн тургуну № 35 Ш. Суеркулов орто мектебинин директору У. Уметовко акчалай колдоо көрсөтүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Шайдан айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айыл өкмөтүнүн 05.07.2017-жылдагы № 247/1 сандуу кайрылуу катынын жана Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловдун билдирүүсүн эске алып № 35 Ш.Суеркулов атындагы орто мектебинин директору У. Уметовдун “Жылдын мыкты мугалими” кароо сынагында жетишкен ийгиликтери үчүн көпчүлүк депутаттардын макулдугу менен мыйзам чегинде жергиликтүү бюджетттин түрдүү чыгымдар статьясынын эсебинен 20 000 (жыйырма миң) сом акчалай колдоо көрсөтүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы У. Чолпоновко жүктөлсүн.
Төрага | А.Назиров |