Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2017-жылдын 12-октябры № 1
«Шайдан айыл өкмөтүнүн Тоскоол айылындагы кооптуу жайда жашаган үй бүлөлөрдү коопсуз жайга көчүрүү үчүн, жана турак-жайга өтө муктаж үй бүлөлөрдүн маселесин чечүү максатында МТФ участкасынындагы эски мал сарайындын ордундагы 1.65га айыл чарбасына жараксыз жер аянтын турак – жай курууга берүү үчүн макулдук берүү жөнүндө»
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Шайдан айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловдун, КРнын Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин Ноокен райондук бөлүмчөсүнүн башчысы Н. Медетбековдордун маалыматы эске алынсын.
2. Шайдан айыл өкмөтүнүн Тоскоол айылындагы кооптуу жайда жашап жаткан үй бүлөлөрдү коопсуз жайга көчүрүү үчүн, жана турак-жайга өтө муктаж 4 (төрт) үй бүлөлөрдүн маселесин чечүү максатында МТФ участкасынындагы муниципалдык менчикте турган эски мал сарайдын ордундагы 1.65га айыл чарбасына жараксыз жер аянтын турак – жай курууга берүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг департаментинин башкы адиси Т. Изабековдун 30.04.2017-жылдагы № 112 жана № 198 корутундулары жана Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Алыкуловдун маалыматы эске алынып, көпчүлүк депутаттардын добушу менен макулдук берилсин.
3. Аталган жер аянтынын инфраструктурасын (жол, электр линиясын, таза суу) камсыздоо жана кооптуу жайда жашап жаткан, турак – жай курууга өтө муктаж үй-бүлөлөрдү жайгаштыруу боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловко милдеттендирилсин.
4. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдап берүү жагы тийиштүү жогорку органдардан жана Ноокен райондук архитектура жана шаар курулушунан, раймамжер каттоо башкармалыгынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А.Назиров |