Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII-чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы
2017-жылдын 20-ноябры № 2
«КРнын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүнүшү Шайдан айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейинки мегил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзгөн аудитинин жыйынтыгын кароо жөнүндө»
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Шайдан айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КРнын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн аудитору Ж.Аккозуевдин Шайдан айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзгөн аудитинин жыйынтыгы эске алынсын.
2. КРнын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн аудитору Ж.Аккозуевдин Шайдан айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзгөн аудитинин жыйынтыгында көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу боюнча иш алып баруу жагы Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Алыкуловко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына (У.Чолпонов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Назиров |