Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII-чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы
2017-жылдын 20-ноябры № 3
«Шайдан айыл өкмөтүнө караштуу КБФ жерлерин жана көп жылдык бактарды аукцион жолу менен ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө»
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Шайдан айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К. Ташиевтин маалыматы жана Шайдан айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 20.10.2017-жылдагы протоколу эске алынсын.
2. Шайдан айыл өкмөтүнө караштуу КБФ нун 61,67 га жерлерин жана 40.0 га көп жылдык бактарды аукцион жолу менен ижарага берүүгө макулдук берилсин.
3. Шайдан айыл өкмөтүнө караштуу КБФ жерлерин жана көп жылдык бактарды аукцион жолу менен ижарага берүүнү мыйзам чегинде уюштуруу жагы Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А.Назиров |