Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII-чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы
2017-жылдын 20-ноябры № 4
«Ассалом” кайрымдуулук фонду тарабынан жетим-жесирлер үчүн курулуучу 5 квартиралуу үйгө Шайдан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Алма айылынын борборундагы 2 кабатуу корпус үйдүн түштүк тарабынан жер ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө»
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Шайдан айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловдун маалыматы жана Шайдан айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 20.10.2017-жылдагы протоколу эске алынсын.
2. “Ассалом” кайрымдуулук фонду тарабынан жетим-жесирлер үчүн курулуучу 5 квартиралуу үйгө Шайдан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Алма айылынын борборундагы 2 кабатуу корпус үйдүн түштүк тарабынан жер ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
3. “Ассалом” кайрымдуулук фонду тарабынан жетим-жесирлер үчүн курулуучу 5 квартиралуу үйгө Шайдан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Алма айылынын борборундагы 2 кабатуу корпус үйдүн түштүк тарабынан ажыратып берилген жердин документтерин мыйзам чегинде даярдоо Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Алыкуловдон суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А.Назиров |