Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII-чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы
2017-жылдын 20-ноябры № 5
«Шайдан айылдык кеңешинин депутаты Раев Макамбайдын депутаттык мандатын чакыртып алуу маселесин кароо жөнүндө»
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесине жана “Жергилитүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 24-беренесинин 2-пунктунун 7-пунтчасына ылайык Шайдан айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айылдык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын протоколу эске алынсын жана Шайдан айылдык кеңештин депутаты М.Раев Шайдан айылдык кеңешинин сессияларына 4 (төрт) ирет себепсиз келбегендигине байланыштуу “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесине жана “Жергилитүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 24-беренесинин 2-пунктунун 7-пунктчасына ылайык депутаттык ыйгарым укуктары токтотулсун.
2. Кийинки депутатты мыйзамга ылайык аныктап берүү жага Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. (М.Мамадиев)
Төрага | А.Назиров |