Загрузка документа…
Шайдан айылдык КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-декабры №1
“Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловдун 19.12.2017-жылдагы № 628 сандуу кайрылуусунун негизинде Шайдан айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн үнөмдөлгөн суммалардан АРИСтин ПРЖР-2 долбоору аркылуу жайыттарды жакшыртуу үчүн Шайдан айыл өкмөтүнө берилген Беларус-892.2 тракторунун 25 % өздүк салымын төлөө үчүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Шайдан айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн үнөмдөлгөн суммалардан АРИСтин ПРЖР-2 долбоору аркылуу жайыттарды жакшыртуу үчүн Шайдан айыл өкмөтүнө берилген Беларус-892.2 тракторунун 25 % өздүк салымын төлөө үчүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А.Назиров |