Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-марты № 241/31-6
Талас шаардык мэриясынын “Кызматкерлер жана жумушчулар менен эсептешүүлөр боюнча”эсебинен жумуштан бошонуп кеткен кызматкерлердин айлык акысы үчүн 19 мин 27 сом суммасындагы дебитордук карызды жоюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31- беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Талас шаардык мэриясынын “Талас шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу- мэриясында жана бюджеттик мекеме уюмдарда 2014-жылдын 1-январынан тартып, 2015-жылдын 1-январына чейин жүргүзгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” 21.12.2015-жылдагы №157-токтомуна ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 2016-жылдын 22-февралындагы № 01-2/208 сандуу катынын негизинде Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу иштери боюнча туруктуу комиссиянын чечимин карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык мэриясынын “Кызматкерлер жана жумушчулар менен эсептешүүлөр боюнча” эсебинен жумуштан бошонуп кеткен кызматкерлердин айлык акысы үчүн 19 миң 27 сом суммасындагы дебитордук карызды жоюуга макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду “Жаны багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына(А.Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Мамбетов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Джузупбеков |