Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVII-чакырылышынын 11-сессиясы
2017-жылдын 30-июну № 2
"Ичимдик таза суунун өлчөмүн бекитүү, Момбеков таза суу бирикмесинин 2016-жыл ичинде аткарган иштеринин жана 2017-жылга карата аткарылуучу иштеринин маалыматы жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад областтык бөлүмүнүн 14.06.2017-жылдагы № 43-буйругуна ылайык Момбеков таза суу бирикмесинин жетекчиси З Мурзакматованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 12-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Момбеков таза суу бирикмесинин жетекчиси З Мурзакматованын билдирүүсү эске алынсын.
2. Ичимдик таза суунун өлчөмү метр кубуна 17,09 сомдон бекитилсин жана көчөдөн ташып ичкен атуулдарга бир жанга 17,94 сом, короодогу суу түтүгү бар атуулдарга бир жанга 30,76 сомдон, бюджеттик мекеме-ишканаларга бир жанга 51,27 сомдон бекитилсин.
3. Момбеков таза суу бирикмесинин жетекчиси З Мурзакматованын 2016-жыл ичинде аткарган иштеринин маалыматы эске алынсын.
4. Момбеков таза суу бирикмесинин 2017-жылга карата аткарылуучуиштеринин маалыматы бекитилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Финансы жана Бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Стамбаев Т. |