Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2017-жылдын 13-июлу № 4
Сейдикум айыл аймагынын Кызыл- Ай айылынын шайлоочуларын, эки шайлоо участкасына бөлүү жөнүндө
Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын шайлоочуларынын суроо талабын канаттандыруу максатында,шайлоочулардын жалпы саны 2500 шайлоочудан ашык болгондуктан,Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 4-пунктунун талаптарына ылайык аткаруу максатында, Сейдикум айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Доолаталиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Сейдикум айылдык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги VII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын шайлоочуларынын суроо талабын канаттандыруу максатында, шайлоочулардын жалпы саны 2500 шайлоочудан ашык болгондуктан, Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайык Кызыл-Ай айылынын шайлоочуларын эки шайлоо участкасына бөлүнсүн.
2. №2137 Кызыл-Ай шайлоо участкасын экиге бөлүү жана Жаңы шайлоо участкасын түзүү боюнча уюштуруу иштерин өз мөөнөтүндө аткаруу Сейдикум айыл өкмөтүнүн башчысы ЭДоолаталиевке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун негизинде Кызыл-Ай айылында жаны шайлоо участкасын түзүп берүү Борбордук шайлоо комиссиясынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдраимовко жүктөлсүн.
Төрага | Б.Турсункулов |