Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2017-жылдын 13-июлу № 5
Сейдикум айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Ж.Асанов орто мектебинин эскилиги жетип,бузулуп кеткен имаратынын ордуна,долбоордун негизинде жаңы имаратын,жатаканасы менен куруу жөнүндө
Жергиликтүү тургундардын өтүнүчү менен Сейдикум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Ж.Асанов орто мектебинин эскилиги жетип бузулуп кеткен имаратынын ордуна долбоордун негизинде жаңы окуу имаратын жатаканасы менен куруу учун Сейдикум айылдык Кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сейдикум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Ж.Асанов орто мектебинин эскилиги жетип бузулуп кеткен имаратынын ордуна, долбоордун негизинде жаңы окуу имаратын жатаканасы менен куруу үчүн өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен тамак-ашка, жатакана, шагал үчүн 150,000(жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Сейдикум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Ж.Асанов орто мектебинин эскилиги жетип бузулуп кеткен имаратынын ордуна долбоордун негизинде жаны окуу имаратын жатаканасы менен куруу үчүн курулуш куруу иш кагаздарын жана курулуш нормалары көрсөтүлгөн документтерин даярдап берүү жагы, Базар-Коргон райархитектура бөлүмүнөн суралсын, ушул даярдалган документтерине кеткен чыгымдарды, келишимде көрсөтүлгөн сумманы жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин курулуш жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Турсункулов |