Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2017-жылдын 13-июлу № 6
Сейдикум айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмеси жөнүндө
Сейдикум айылдык Кеңешинин VII - чакырылышынын кезектеги VII - сессиясы, Сейдикум айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы М.Эргешовдун жылдык планын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сейдикум айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы М.Эргешовдун, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мал чарбасын өнүктүрүү жана жайыттарды башкаруунун жылдык планы бекитилсин.
2. ЖПБнын төрагасы М.Эргешовко мал чарбасын өнүктүрүү жана жайыттарды башкаруунун жылдык планы боюнча иш алып баруусу милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Т.Абдураимовко жүктөлсүн.
Төрага | Б.Турсункулов |