Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI-шайланган) кезектеги IV - сессиясы
2017-жылдын 18-февралы №1
“Сарай айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө”
Сарай айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жана айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиги боюнча талкуулап чыгып Сарай айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1.Сарай айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата каралган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 136067,1 мин сом анын ичинде 3120,0 мин.сом атайын каражат ата-энелер взносунун эсебинде алымча кошумчасы менен бекитилсин.
2. Сарай айыл өкмөтүнүн 2017- жылга бекитилген жергиликтүү бюджети 2013- 2017- жылдарга белгиленген өнүгүү стратегиясын аткарууга : Киров айылындагы 720 орундуу мектептин курулушун аяктоо, Ак –Өргөө жаны конушуна таза суу линияларын орнотуу, Тураталы базарына жер алдынан өтүүчү көпүрө куруу, Конурат айылына ФАП куруу, Присавай айылына таза суу трубаларын тартуу, Присавай мектебине ашкана куруу, Эркин айылына жабык кичи футбол талаасын куруу, Тельман айылына спорт аянтчасын куруу, Миялы айылына спорт аянтчасын куруу, Киров айылына бала бакча куруу жана Киров,Тельман,Эркин, Конурат, Присавай, Миялы айылдарынын жолдорун асфальттоого сарпталсын.
3. Сарай айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышын толук камсыз кылуу боюнча жеткиликтүү иш алып баруу жана ай сайын коюлган пландарды аткарууга жетишүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ нө милдеттендирилсин. Башкаруу аппаратынын кызматкерлери 36,анын ичинен ФЭБ башчысы 1, айыл башчылары 5, вус инспектору 6, башкы адис 5, жетектөөчү адис 6 жана адис-3, тейлөө кызматкерлери 4 штат бирдиги, КР өкмөтүнүн токтому № 403 келишим менен 3 штат бирдиги өлчөмүндө бекитилсин. Келишим менен иштеген кызматкерлерге КР өкмөтүнүн токтому №384 08.07.2013-жылдагы мыйзамы менен эмгек акы төлөнүп берилсин.
4.Сарай айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү сметанын негизинде 2017-жылга түшкөн кирешелердин чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон статьяларга (эмгек акы, соц.фонд, дары дармек, тамак аш, коммуналдык чыгымдарга чегерүү) каржылануусу менен белгиленсин.
5. Субсидиялар өндүрүштүк ишмердүүлүктүн денгээлдерине ылайык мамлекеттик бирдиктердин ишканаларына бөлүнгөн чыгымдар : Сарай Тазалык – 2000,0 мин.сом, Сарай Жайыт -1400,0 мин.сом, Сарай Тех.сервис -900,0 мин.сом, Сарай Вет.сервис -500,0 мин.сом, Сарай Монгу Суу-700,0 мин.сом, Долончек Сарай -1150,0 мин.сом, Коргошун Талаа -1150,0 мин.сом эсебинде бекитилип, козомолу,жоопкерчилиги Сарай айыл өкмөтүнө аткаруу органына милдеттендирилсин.
6. Жыл ичиндеги бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө киргизиле турган кошумчалар жана толуктоолор бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу менен жүргүзүлсүн.
7. Сарай айыл өкмөтүнүн бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 6 айдын жыйынтыгы менен Сарай айылдык Кенешинин сессиясында каралсын.
8. Сарай айыл өкмөтүнүн 2016-жылы жумшалбай калган акча каражаты 1439,0 мин сом эмгек жамаатынын суранычын канаатандырып жамааттык келишимдин негизинде тамак аш үчүн компенсация жана Сарай айыл өкмөтүнүн материалдык базасын чындоого жумшалсын жана 180,1 мин. сом атайын каражат ата-энелер взносу кошумча сметанын негизинде жумшалсын.
9. Сарай айыл өкмөтүнүн 2017-2019-жылдарга карата түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомолу бекитилсин (тиркеме тиркелет).
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрөга | Э.Арзиев. |