САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI шайланган) кезектүү V сессиясы
2017-жылдын 13-марты № 1
Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын көчөсүнө ат коюу жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын “Батыш” көчөсүнө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, бир нече сыйлыктардын ээси Абдраимов Абдыкасымдын атын ыйгаруу үчүн уулу К.Абдраимовдун билдирүүсүн угуп, талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын “Батыш” көчөсүнө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Абдраимов Абдыкасымдын аты ыйгарылсын.
2. Жогорудагы Абдраимов Абдыкасымдын аты ыйгарылган көчөнү жарыктандырууга, таза суу менен камсыз кылууга, ошол көчөдөгү жакыр жашаган жарандарга материалдык жардам берүүгө жана көчөгө аты жазылып тактайчаларды илүү жагы уулу К.Абдраимовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | Э.Арзиев |