Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI шайланган) кезектүү V сессиясы
2017-жылдын 13-марты № 2
Сарай айыл өкмөтүнүн «Мөңгү-Суу» СПАсынын сугат суу үчүн тарифин бекитүү жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн «Мөңгү-Суу» СПАсынын жетекчиси А.Мамиевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Сарай айыл өкмөтүнүн «Мөңгү-Суу» СПАсынын сугат суу керектөөчүлөрүнө болгон төлөмдөрү(тарифи)суу жакшы жетпеген кээ бир жерлерге жеңилдетүү менен төмөнкүдөй бекитилсин:
2. 2017-жылга 1,0га айыл чарба өсүмдүктөрүнө сугат суу берүү нормасы боюнча суунун акысын төлөө тарифи
№ | Аталышы | сом |
1 | Пахта | 1000 |
2 | Тамеки | 1000 |
3 | Күздүк буудай | 1000 |
4 | Дандык жүгөрү | 1000 |
5 | Жашылча | 1200 |
6 | Картошка | 1200 |
7 | Күн карама | 1200 |
8 | Бак дарак | 1200 |
9 | Бахча(коон.дарбыз) | 1200 |
10 | Беде чөп | 1200 |
11 | Пияз | 3000 |
12 | Шалы | 3800 |
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнүн «Мөёгү-Суу» СПАсынын жетекчиси А.Мамиевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.Арзиев |