САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI шайланган) кезектүү V сессиясы
2017-жылдын 13-марты № 7
Сарай айыл өкмөтүнүн Эркин айылындагы турак жай куруу үчүн берилген 3,52га жерди башка контурга жылдыруу жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн жер адистери Э.Матазимов жана С.Мамиевдердин сунушун угуп, талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Сарай айыл өкмөтүнүн Эркин айылындагы турак жай куруу үчүн 147контурдан жана 149-11-контурунан трансформация болгон 3,52га жер тилкеси 238-контурга жылдырылсын.
2. Жогорудагы бош жер тилкесинин жылдыруулусунун мыйзамдуулугун тактоо Сарай айыл өкмөтүнүн жер адистерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңештин Жер боюнчатуруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Э.Арзиев |