САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI шайланган) кезектүү V сессиясы
2017-жылдын 13-марты № 8
Сарай айыл өкмөтүнүн Эркин айылындагы 3 эм балалуу жалгыз бой энеге социалдык жардам көрсөтүү, турак жай куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн Эркин айылынын тургуну, 3 эм балалуу жалгыз бой эне Марипова Кызжибек билдирүүсүн угуп, талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Сарай айыл өкмөтүнүн Эркин айылынын тургуну, 3 эм балалуу жалгыз бойэне Марипова Кызжибекке социалдык жардам көрсөтүү жана турак жай куруу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Жер тилкесинин бөлүп берүү мыйзам негизинде Сарай айыл өкмөтүнүн жер адистерине милдеттендирилсин.
3. Акчалай жардам көрсөтүү мыйзам чегинде Сарай айыл өкмөтүнүн социалдык жардам көрсөтүү тармагына дайындалсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Э.Арзиев |