Редакцияот 13.0.32017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

(VI шайланган) кезектүү V сессиясы

 

2017-жылдын 13-марты № 9

Сарай айыл өкмөтүнүн аймактык тескөөчүлөр отурган имараттын артындагы бош турган жер тилкесинин мыйзамдуулугун кароо жөнүндө

Сарай айылдык Кеңешини депутаты Б.Баймуратовдун сунушун угуп, талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши

Т О К Т О М К Ы Л А Т

1. Киров айылындагы Сарай айыл өкмөтүнүн административдик мекемесинин жогору жагында аймактык тескөөчүлөр отурган имараттын артында пахта заводунун имаратына чейинки бош жер тилкесинин мыйзамдуулугу каралсын.

2. Жогорудагы бош жер тилкесинин мыйзамдуулугун тактоо Сарай айылөкмөтүнүн жер адистерине милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

Төрага

Э.Арзиев