Редакцияот 30.05.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

4-чакырылган айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы

 

2013-жылдын 30-майы № 20

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамына 2013-жылдын 22-февралында өзгөртүү киргизилип 2013-жылдын 1- мартынан баштап күчүнө киргендигине байланыштуу Жазы айылдык Кеңеши

Т О К Т О М КЫЛАТ:

1. Жазы айылдык Кеңешинин аймагында жашаган калктын көпчүлүгү кыргыз тилин билгендиктен, айылдык Кеңештин сессиясында ченемдик актыларынын долбоорлору мамлекеттик тилде гана каралсын жана жүргүзүлсүн.

2. Токтомдун аткарылышы Жазы айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы М.Акжоловага милдеттендирилсин.

 

Төрага

Б.Дыканбаев