САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI шайланган) кезектүү VII сессиясы
2017-жылдын 28-апрели №1
Сарай айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бекитилген бюджетинен суу насосуналмаштыруу жөнүндө
Cарай айыл өкмөтүнө караштуу Киров айылындагы Коргошун Талаа сууканасынын суу чыгаруучу насосу күйүп жараксыз болуп Киров айылынын тургундары таза суусуз калгандыктан тез арада жаёы суу насосун сатып алуу үчүн сунушту угуп жана талкуулап Сарай айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Сарай айыл өкмөтүнүн караштуу Киров айылындагы Коргошун Талаа таза суу чыгаруучу суу насосун алмаштырып жаңы суу насосун сатып алуу үчүн бюджеттен 288800 (эки жүз сексен сегиз миң сегиз жүз) сом бөлүнүп берилсин.
2. Суу насосун сатып алуу үчүн акча каражатын мыйзам чегинде бөлүп берүү жагы Сарай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы тарабынан аткарууга алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | Э.Арзиев |