Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI шайланган) кезектүү VII сессиясы
2017-жылдын 28-июлу № 2
Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын көчөсүнө ат коюу жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын тургундарынын сунунтарынын негизинде,Тельман айылынан күн чыгыш тарапка карай Тельман МТФга чейинки көчөнү колхоздо өмүр бою иштеп,коммунист болуп колхоздун чыңалышына салым кошкон, бир нече жолку сыйлыктарынын ээси Оморов Култайдын ысымын ыйгаруу үчүн сунушун угуп жана талкуулап Сарай айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынан күн чыгыш тарапты көздөй Тельман МТФга чейинки көчө колхоздун ардагери Оморов Култайдын ысымы ыйгарылсын.
2. Жогорудагы Оморов Култайдын ысымы ыйгарылган көчөнү жарыктан-дырууга, таза суу менен камсыз кылууга, ошол көчөдөгү жакыр жашаган жарандарга материалдык жардам берүүгө жана көчөгө аты жазылып тактайчаларды илүү жагы уул-кыздарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | Э.Арзиев |