САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI шайланган) кезектүү VII сессиясы
2017-жылдын 28-июлу № 3
Сарай айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнө караштуу жайыт комитетинин 2017-жылда бекитилген 284 миң сом бюджетти Алай районунун жайыты өздөрүнө өтүп кеткендигине байланыштуу бюджетин кыскартуу максатында жайыт комитетинен түшкөн билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сарай айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Сарай айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бюджети 120(бир жүз жыйырма) миң сомго кыскартылсын.
2. Жайыт комитетинин бюджетин кыскартуу Сарай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Бекмуратовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | Э.Арзиев |