Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы
2017-жылдын 16-сентябы № 8/1
“Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Осмонованын билдирүүсү жѳнүндѳ”
Күн тартибиндеги Жаӊы-Жол айыл айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Осмонованын 2017-жылдын алты ай аралыгында аткарган иштери боюнча билдирүүсүн жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин V11-чакырылышынын кезектеги V111-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т;
1. Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Осмонованын 2017-жылдын алты ай аралыгында аткарган иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет
Төрага | Р.Дооранов |