Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-марты № 246/31-6
Талас шаардык кенешинин 2015-жылдын 5-июнундагы №187/22-6 сандуу Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын Администрациялык комиссиясы жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын Талас шаардык кенешинин 2015-жылдын 5-июнундагы №187/22-6 сандуу токтому менен бекитилген Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын Администрациялык комиссиясы жөнүндө жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү 2016-жылдын 15-февралындагы №01-4/166 сандуу катын карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык кенешинин 2015-жылдын 5-июнундагы №187/22-6 сандуу Талас
шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын Администрациялык комиссиясы жөнүндө жобосуна төмөндөгүдөй тартипте өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
-2.2.Пункттагы “7” саны “11” деген санга алмаштырылсын.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаарынын биринчи вице-мэрине (А.Койчубеков) жана Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Б.Тууганбаев) тапшырылсын.
Төрага | А.Джузупбеков |