КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2017-жылдын 26-сентябры № 3
Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү турак жай куруу үчүн алган участокторду башка бирөөгө сатпоо жөнүндө
Кара-Суу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү А.Беккулуевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу атуулдарга турак жай куруу үчүн берилген участкаларын башка бирөөгө сатууга 5 жылга мораторий жарыялалоо жагы белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Керимкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Малабеков |