КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2017-жылдын 26-сентябры № 4
Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү мектептерде окуучуларга берилүүчү шашке тамагы боюнча
Кара-Суу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Керимкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу мектептердеги окуучуларга берилүүчү шашке тамагынын берилишинде мыйзам бузуучулукка жол берилгендиги белгиленсин.
2. Мектептердеги окуучуларга берилүүчү шашке тамагынын мыйзамдуулугун текшерүү боюнча төмөнкүдөй курамда комиссия түзүлсүн;
Керимкулов Тилеген Комиссиянын төрагасы
Мүчөлөрү:
Малабеков Тажибай
Шалпыков Суербек
Бекбаева Жылдыз
Нарматов Станкул
3. Мыйзамдуу экендигин териштирип, тиешелүү мамлекеттик органдарга берүү жагы комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Керимкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Малабеков |