Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-марты № 255/31-6
Талас шаарынын борбордук паркына жана Манас көчөсүнүн № 118 үйүнүн түштүк тарабына курулган балдар аянтчаларын Талас шаарынын муниципалдык обьектилеринин реестрине киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31- беренесинин 2.5.пункттары, Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын 2-бөлүмүнүн 8-пунктуна ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 2016-жылдын 19-февралындагы №01-1/198 сандуу катынын негизинде Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу иштери боюнча туруктуу комиссиянын чечимин карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын борбордук паркына жана Манас көчөсүнүн № 118 үйүнүн түштүк тарабына курулган балдар аянтчалары Талас шаарынын муниципалдык обьектилеринин реестрине киргизилсин.
2. Реестрге киргизүү жагы Муниципалдык менчик башкармалыгына (Т.Киргабаков) милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду “Жаны багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына(А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Мамбетов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Джузупбеков |