Редакцияот 29.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI I чакырылышынын 2 сессиясы

2017-жылдын 20-январы № 9

Чолпон-Ата айыл өкмөтунун 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө

Чолпон-Ата айыл өкмөтүнун 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Э.Байсалбекованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын 4-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Чолпон-Ата айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү жергиликтүү салыктардан жана топтоонун көлөмү 2017-жылга карата 4807,4 жалпы 12089,8 мин сом өлчөмүндө бекитилсин,жана өз убагында жыйноону камсыздоо Чолпон-Ата айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

2. Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 2017-жылга карата 12089,9 мин сом өлчөмүндө бекитилсин. Эң биринчи кезекте социалдык фондко чегерүүлөргө жана коммуналдык чыгымдарга жумшаары белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын бюджеттик чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 119,9 миң сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.

4. Чолпон-Ата айыл аймагынын бюджеттик эсебинде 2017-жылдын 1-январына карата калган 55,6 миң сом акча каражаты жумшалары белгиленсин.

5. Чолпон-Ата айы аймагынын атайын каражат эсебинде 2017-жылдын 1-январына карата калган 163,0 миң сом акча каражаты жумшалары белгиленсин.

6. М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин төрөгасына жергиликтүү өз алдынча багшкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик адмнистрация жөнүндөгү мыйзамынын 33-беренесинин 5-пунктуна жана өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук Агенттигинин 2013-жылдын 15-январындагы № 04-24-/4-1 буйругуна ылайык жергиликтүү бюджеттен компенцация төлөнүүсү белгиленсин.

7. Жогорудагы бекитилген жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча, айылдык Кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Э.Байсалбековага милдеттендирилсин.

8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрөгасына жүктөлсүн.

9. Бул токтом www.Cholponata.org/page сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

10. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

Төрага

С.Кылданов