М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI I чакырылышынын 2 сессиясы
2017-жылдын 29-марты № 11
Алатай мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагындагы жайытка чыккан малдардын жайытка төлөнүүчү ижара акыларын кароо жөнүндө
М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин VI I чакырылышынын 4 сессиясы
Алатай мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагындагы жайытка чыккан малдардын жайытка төлөнүүчү ижара акыларын токой фондусун пайдалануу боюнча ижара акыларды жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерине кирген автоунаанын тарифтик наркын карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “ Алатай мамлекеттик жаратылыш паркынын жайытына чыккан атуулдарга жайыт акы 2017-жылга төмөндөгүдөй баада белгиленсин:
Жылкыга жана бодо малга 1 айга 1 башка -30 сом
Бир жашка чейинки кулунга жана торпоко -15 сом
Койго 5 сом
Козуга-2 сом 50 тыйын белгиленсин.
2. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жериндеги ижара акылар төмөндөгүдөй тартипте белгиленсин:
Чоп чабындыга 0,01га -4 сом
Айдоо жерлерге 0,01 га -30 сом
Жашылдандырууга -0,01га -2 сом
1 палатка же бооз үй тиккенге -50 сом
Ар бир бал челеке 50-сом
Бал сатуу 1 килограмы 85 сомдон кем эмес баада.
3. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерине кирген:
Жүк ташуучу автомашина же бусике -100 сом
Женил автомашиналарга 50-сом
4. “ Алатай” паркынын аймагына кирип чыгуу үчүн жергиликтүү элдерден эч кандай төлөмдөр алынбасын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы М.Абдылдаев айылдык кенешинин төрөгасы Тургунбаев Табылдыга милдеттендирилсин.
6. Бул токтом www.Cholponata.org/page сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды
Төрага | С.Кылданов |