Редакцияот 20.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI I чакырылышынын 5 сессиясы

 

2017-жылдын 20- июну № 24

Ак-Тектир айлынын социалдык обьектилериндеги жер жөнүндө

М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин VI I чакырылышынын 5 сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ.

1. Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн Ак-тектир айылынындагы башкы планындагы социалдык обьектилерди куруу үчүн калтырылган 0,23 га жерди мамлекетке кайтаруу боюнча Чолпон-Ата аймагынын жер комиссиясы толук изилдеп карап, мыйзам чегинде чечүү жагы милдеттендирилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон-Ата айылдык кеңешинин жер,агрардык маселелер жана жайыт боюнча комиссиясына тапшырылсын.

3. Бул токтом www.Cholponata.org/page сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

Төрага

С.Кылданов