Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-марты № 256/31-6
Бердике Баатыр көчөсүндө курулуп ишке берилген фонтан жана бассейнди чарба жүргүзүү келишимдин негизинде Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасына өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31- беренесинин 2.5.пункттары, Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын 2-бөлүмүнүн 8-пунктуна ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 2016-жылдын 16-февралындагы №01-1/180 сандуу катынын негизинде Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу иштери боюнча туруктуу комиссиянын чечимин карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бердике Баатыр көчөсүндө курулуп ишке берилген фонтан жана бассейн чарба жүргүзүү келишимдин негизинде Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берилсин.
2. Кабыл алынган токтом Жаны багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына(А.Сариева) тапшырылсын.
3. 3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Мамбетов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Джузупбеков |